Трек очень похож на
- Название Сулууларга Суктанууга Акым Бар
- Исполнитель Кубаныч Ажыбаев
- Жанр Pop
- Год релиза 2017
- ISRC DEH741704475
Видео
Текст песни
Сулууларды көчөлөрдөн көп көрөм
Суктанамын көз электен өткөрөм
Жылмаңдаймын баарысына тийишип
Жыйырмамда мен мынчалык көпбөгөм
Шектенбесин көрүп билген жакындар
Шериктешим менде да бар асыл жар
Сууруп алам чечекейиң десең да
Сулууларга суктанууга ай акым бар
Сулууларга суктанууга
Сулууларга суктанууга акым бар
Олоң чачты көчөлөрдөн көп көрөм
Толкуп-ташып ошол замат өзгөрөм
Оолукканды сурабагын айтбагын
Отуз жашта мен мынчалык көпбөгөм
Шектенбесин көрүп билген жакындар
Шериктешим үйүмдө бар асыл жар
Сууруп алам чечекейиң десең да
Сулууларга суктанууга ай акым бар эй
Сулууларга суктанууга
Сулууларга суктанууга акым бар
Кыркма чачты көчөлөрдөн көп көрөм
Кызыгамын күйүп жанып өрттөнөм
Кыялымда жанашамын бир басып
Жаш кезимде мен мынчалык көпбөгөм
Шилтенбесин көргөн билген жакындар
Шериктешим үйүмдө бар асыл жар
Сууруп алам чечекейиң десең да
Сулууларга суктанууга ай акым бар
Сулууларга суктанууга
Сулууларга суктанууга акым бар
Шилтенбесин көрүп билген жакындар
Шериктешим үйүмдө бар асыл жар
Сууруп алам чечекейиң десең да
Сулууларга суктанууга ай акым бар эй
Сулууларга суктанууга
Сулууларга суктанууга акым бар
Сулууларга суктанууга
Сулууларга суктанууга акым бар

