Текст песни
Айылыма барарымда аптыгып
Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып
Балбалактайм бар жогумду унутуп
Балалыгым келүүчүдөй бастырып
Балбалактайм бар жогумду унутуп
Балалыгым келүүчүдөй бастырып
Алымды айтып алыс жактан жел келет
Көптөн берки көңүл бугун жазамбы
Көздөрүн өпкүм келет эркелеп
Мен алыстан сагынганда атамды
Көздөрүн өпкүм келет эркелеп
Мен алыстан сагынганда атамды
Сагындым ий, сагындым ий, атамды
Сагындым ий, сагындым ий, атамды
Башыңдан күн аягыңдан ай толуп
Турчу ата аппак таңдай кулпуруп
Жерге бутум жетпей учуп баратам
Аска чапчып, аккан суудай чулкунуп
Жерге бутум жетпей учуп баратам
Аска чапчып, аккан суудай жулкунуп
Алымды айтып алыс жактан жел келет
Көптөн берки көңүл бугун жазамбы
Көздөрүн өпкүм келет эркелеп
Мен алыстан сагынганда атамды
Көздөрүн өпкүм келет эркелеп
Мен алыстан сагынганда атамды
Сагындым ий, сагындым ий, атамды
Сагындым ий, сагындым ий, атамды
Бактан булбул кырдан таңшып уларың
Баягыдай күнүң батып чыгабы?
Карегинен кару күчүн алдырбай
Караны тоок атам күлүп турабы
Алымды айтып алыс жактан жел келет
Көптөн берки көңүл бугун жазамбы
Көздөрүн өпкүм келет эркелеп
Мен алыстан сагынганда атамды
Көздөрүн өпкүм келет эркелеп
Мен алыстан сагынганда атамды
Сагындым ий, сагындым ий, атамды
Сагындым ий, сагындым ий, атамды

